• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статком: 2021-жылы 860тан ашык лизинг келишими түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. 2021-жылы лизинг ишмердигин 12 компания жүргүздү, алар менен 860тан ашык келишим түзүлдү. Ошол эле учурда бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, мындай келишимдердин жалпы наркы 2021-жылы 1,7 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү же 2020-жылга караганда 35 пайызга көп болду.

Муну менен бирге финансылык лизингдин түзүмүндө имараттар, инженердик курулмалар (кыймылсыз мүлк) лизинг предмети болуп чыккан келишимдердин наркынын үлүшү 2020-жылдагы 2,4 пайыздан 2021-жылдагы 0,3 пайызга чейин азайды, ошол эле учурда курулуш-жол техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 6,1 пайызга, ал эми айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 3,9 пайызга өстү.

Муну менен бирге финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы (0,7 млрд. сом же 43 пайыз) мурдагыдай эле айыл чарба техникаларын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Лизинг предметтери боюнча финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн келишимдердин наркы

(финансылык лизинг келишимдеринин жалпы наркына карата пайыз менен)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий