• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стивен Сингал Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролигинде тартылат

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Голливуд актеру Стивен Сигал Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролигинде тартылат. Бул тууралуу журналисттерге актер өзү билдирди.

Анын айтымына караганда, бул сунушту өкмөт башчы Сапар Исаков жолугушуу учурунда айткан.

“Ролик бардык дүйнө жүзү боюнча анын ичинде “Евроньюс” каналы аркылуу көрсөтүлө тургандыгын айтты. Мен бул сунушту кабыл алдым. Мен муну силердин өлкө үчүн чын дилимден жасайм”,-деди ал.

Ошондой эле Стивен Сигал Бишкекке үчүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө өз идеялары менен бөлүшүү үчүн келгендигин айтты.

“Сапардын башкы максаты – силердин өлкөгө келүү. Ошондой эле көчмөндөр оюндарын талкуулоо, себеби дегенде мен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчисимин. Андан сырткары бүгүн премьер менен жолугушууда биз кызыктуу нерселер тууралуу сүйлөштүк. Мисалга, өлкөнүн өнүгүшүнө жардам берчү акылдуу шаарлар тууралуу”,-деп кошумчалады актер.

Пикир

Оставить комментарий