• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атабеков кар тазалап жаткан "Тазалыктын" кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, ыр тартуулады

Коом 0


Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда ырчы Мирбек Атабеков "Ала-Тоо" аянтында кар тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, ыр тартуулады. Бул тууралуу видеону ырчы өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү.

Видеодо байкалып тургандай Атабеков борбордук аянттын Тарых музейинин алдында иштеп жаткан кызматкерлерге кайрылуу жасаган.

"Сиздерге рахмат! Борбор аянтыбызды тазалап, баарыбызга жакшы шарттарды түзүп берип жаткандыгыңыздар үчүн, бар болуңуздар. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен", - деген ырчы.

"Тазалыктын" кызматкерлери Мирбек Атабековдон ыр суранып, "Мөлмөлүм" аттуу ырын угушкан.

Пикир

Оставить комментарий