• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азия Кубогу: Кыргызстан – Араб Эмираты (фоторепортаж, видео)

Коом 0


Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Футбол боюнча Азия Кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасы менен оюн өткөрдү. Беттешти 3:2 эсебинде БАЭнин командасы утуп алды.

Оюндун 14-мүнөтүндө БАЭ тарабынан бурчтан көтөрүү орун алды. БАЭнин жарым коргоочусу Эсмаил гол киргизип эсепти ачты. 26-мүнөтүндө Исраиловдун чыгарган тобун чабуулчу Мурзаев гол жаратканга жетишти. Эсеп 1:1.

2-таймдын 64-мүнөтүндө Бириккен Араб Эмирлигинин чабуулчусу Мабхуттун тепкен тобу каршылашынын дарбазасынан орун алды. Кошулуп берилген убакытта 92-мүнөтүндө “Ак шумкарлардын” чабуулчусу Рустамов гол киргизип, эсепти 2:2ге айлантты.

Экстра таймдын 103-мүнөтүндө талаанын ээсинин пайдасына 11 метрлик аралыктан айып соккусу белгиленди. Соккуну Халил ишке ашырып, эсепти 3:2ге өзгөрттү.

Сүрөт: Футбол федерациясы

Пикир

Оставить комментарий