• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто студенттердин телефонун тоноп жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Ошто студенттердин телефонун тоноп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 8-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн жашоочулары 1997-жылы туулган И.Р., 2001-жылы туулган У.Х. 2002-жылы К.А. арыз менен кайрылышып, ошол эле күнү саат болжол менен 21:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои атындагы эс алуу паркында сейилдеп жүргөн учурда жашы болжол менен 30-35 курактагы азиат улутундагы атуул аларды коркутуп, кол телефондорун күч менен тартып алгандыгын билдиришкен. Жабырлануучулар Оштогу жогорку окуу жайынын студенттери экендиги аныкталган.

Бул факты Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, шектүүнү издөө иштери башталган. Ыкчам топ А.Навои эс алуу паркына барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп окуяга тийиштүү материалдар чогултулган.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жабырлануучулардын кол телефондорун ачык түрдө тартып алган жаран, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган М.М. экендиги аныкталып, ал 9-март күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Шектүүнүн башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат.

Пикир

Оставить комментарий