• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СУАРда "саясий тарбия берүүчү лагерлер" жок – Кытайдын КРдагы элчиси

Саясат 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук (СУАР) районунда "саясий тарбия берүүчү лагерлер" жок. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда Кытайдын КРдагы элчиси Сяо Цинхуа билдирди.

Ал белгилегендей, СУАРдагы кырдаал – бул Кытайдын ички өз ара иши.

“Митинг учурунда активисттер айткан сөздөр чындыкка жатпайт. СУАР өкмөтүнүн расмий позициясына ишенүү керек. Ал жакта эч кандай "саясий тарбия берүүчү лагерлер" жок. Ал жакта кесиптик жактан билим берүү мекемелери түзүлгөндүгү чын. Бул туруктуулук үчүн керек. Ал баарынан маанилүү Ансыз эч кандай өнүгүү болбойт. Бул мекемеде билим алгандар технолог, кесиптик жөндөм жана тил үйрөнүшөт. Алар келечекте иш менен камсыз болуп, жакшы жашоодо жашашы үчүн жасалган. Алар жумуш менен алек болуп, укуктук билим алышат. Адамдарды ал жерде эч ким күч менен кармабайт”, - деп түшүндүрдү ал.

Сяо Цинхуа кошумчалагандай, билим берүү мекемелери ошондой эле терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө алдын ала чараларды кабыл алуу үчүн керек.

Ошондой эле элчи СУАРда кыргыздар бар, бирок алар Кыргызстандын жарандары эмес деп билдирди.

“Митингде Кытайдагы кыргыздар КРнын жарандары деп жаңылыштык болду. Ал жактагы кыргыздар Кытайдын жарандары жана алардын укуктары корголгон”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий