• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суракматов: “Мен камактан коркпойм, таза иштейм"

Коом 0

Бишкек, 08.08.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган Азиз Суракматов алдыда таза иштей тургандыктан, камакка алынуудан коркпойт экендигин журналисттерге билдирди.

Шайлоо бүткөндөн кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Андан “мурдагы мэрлер сыяктуу камакка алынуудан коркпойсузбу?” деп сурашканда төмөндөгүдөй жооп берди:

“Мен камакка алынуудан коркпойм. Себеби таза иштейм. Менин мөөнөтүм 2 жыл – 2020-жылга чейин. Бул убакыт аралыгында таза иштеп берем”.

Азиз Суракматов “Елизавета” курулуш компаниясындагы өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу: “Кызыкчылыктар конфликти болбойт. Мэрлик кызматка дайындалганым тууралуу чечим чыкканда бардык документацияны мыйзамга ылайык жасайм. “Елизаветада” мен иштебей калдым”, - деп билдирди ал.

Мурдагы мэр Албек Ибраимов кызмат ордунан бошотулуп, ага “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда.

Пикир

Оставить комментарий