• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сургуттагы өрттөн 9 жана 6 жаштагы кыргызстандык балдар каза болду. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Сургут шаарындагы өрттөн 9 жана 6 жаштагы кыргызстандык балдар каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 11-мартта Россиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 09:20да Сургут шаарына жакын жерде Ханты-Мансийск автономиялык округу-Юграда "Ден-соолук" дача кооперативинде болгон.

Кырсыктан Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандары каза болгон - 2012-жылы туулган А.А. аттуу кыз жана 2015-жылы туулган А.М аттуу бала.

Окуя болгон жерде Россиянын Тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө бөлүмү иштеп жатат, ошондой эле кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

Элчиликтин билдирүүсүнө таянсак, жашы жете элек балдар апасы жана чоң апасы менен жашашкан. Өрт башталган кезде балдар үйдө жалгыз болушкан.

"Эртең менен апасы жумушка кеткен. Ал Сургут шаарындагы клиникалык компаниялардын биринде иштейт. Такталбаган маалымат боюнча, операциядан кийин балдардын чоң апасы ооруканада жаткан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясы каза болгон балдардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу боюнча кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери менен координациялык иштерди жүргүзүп жатат.

Аталган маселе элчиликтин Сургуттагы Канцеляриясынын көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий