• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 жана Баткен облусунда 1 медик илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 9 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3035 учур катталды, алардын ичинен 2342 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 991ди түзөт. Алардын ичинен 34 миң 567 киши айыгып чыкты, 1 миң 496 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий