• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 131 314 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июнда өлкө боюнча 16 296 чарчы метр имараттын ичи, 56 471 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 72 767 чарчы метр аймак жана 131 314 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 112 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 75 700 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 278 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 906 чарчы метр имараттын ичи, 3480 чарчы метр имараттын сырты жана 6000 погондук метр авто унаажолдор дезинфекцияланып, 39,5 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 18 900 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 89 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 2280 чарчы метр имараттын ичи, 5070 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 15 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 1300 чарчы метр имараттын ичи, 2300 чарчы метр имараттын сырты жана 25 720 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 520 кг хлор колдонулду;

Ош облусунда 6100 чарчы метр имараттын ичи, 2020 чарчы метр имараттын сырты жана 4994 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 33 кг хлор жана 14 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 3674 чарчы метр имараттын ичи, 18 451 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 2,2 литр суюк хлор, 3 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 2036 чарчы метр имараттын ичи, 10 200 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 14,5 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 14 950 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 15,7 кг хлор колдонулду;

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий