• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде “Манас” аэропортуна төрт каттам Дубай, Дели, Москва жана Сургуттан учуп келди

Коом 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде “Манас” аэропортуна төрт каттам учуп келди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, каттамдар Дубай, Дели, Москва жана Сургуттан учуп келген.

Жүргүнчүлөрдүн толук саны боюнча азырынча так маалымат жок.

Басма сөз кызматынан белгилешкендей, бардык учуп келген жүргүнчүлөрдү автобустар менен обсервацияга алып кетип жатышат. Алар эң аз дегенде ал жакта 3 күн болушат.

Мындан тышкары, аэропорттон билдиришкендей, коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылуусуна жол берөө максатында аэробекеттин имаратына жүргүнчүлөрдөн башка адамдардын кирүүсүнө тыюу салынууда.

“Биз узатуучуларды жана тосуп алуучуларды убактылуу аэропортко келбей турууга чакырабыз”,- деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 14 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий