• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта 106 адам тамакка ууланып, алардын 16сы ооруканага жаткырылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Сузак районунун Бек-Абад айылында тамак-ашка ууланып 106 адам дарыгерге кайрылган, алардын ичинен 16сы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, тамакка уулануу салтанаттуу иш-чарада болгон.

“Тойго келген коноктор жылкынын этин жеп ууланганы болжолдонууда”, - деп айтылат маалыматта.

Жарандардын 90у амбулатордук түрдө дарыланууда.

Учурда улануунун себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий