• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүүгө шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Сузакта 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын 1973-жылы туулган Ж.Ы. аттуу тургуну Сузак РИИБне арыз менен кайрылган. Ал арызында 2021-жылдын 19-июнунда баласы 51 баш кой-козусун талаага жайганы чыгып, үйүнө келе берген учурда койлору талаадан жоголгондугун, натыйжада ири өлчөмдө зыян тарткандыгын билдирген.

Ошондой эле Сузак районунун Х.Г. аттуу тургуну РИИБге арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 24-сентябрь күнү түшкө маал Таш-Булак айылынын талаасында жайылып жүргөн 31 баш коюн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Натыйжада жалпы эки арыз боюнча жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашкандыгын, койлордун баары “гиссар” тукумундагы экендигин билдиришкен.

Аталган фактылар Сузак РИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы мал уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБнин жана Сузак РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери, тиешелүү ыкчам кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Сузак районунун 1977-жылы туулган Ш.М. аттуу тургуну кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүү Ш.М. 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү уурдалган койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурдалган 28 баш кой ээлерине кайтарылган. Өз учурунда жабырлануучулар милициянын дарегине ыраазычылык билдиришип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалашты.

Пикир

Оставить комментарий