• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта аз камсыз болгон эки үй-бүлө турак жайлуу болду

Аймак 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс жана Сузак айыл аймагындагы жалгыз бой жана мүмкүнчүлүгү чектелген эки үй-бүлөгө турак жай курулуп, пайдаланууга берди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

"Турак жай салууга жеке ишкер Абдумалик Абдурахманов демөөрчүлүк кылган. Облус башчысынын орун басары коомдун аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөткөн ишкерлердин караты калыңдап баратканын, бул демилге мамлекеттин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө болгон жардам экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ишкер бул менен жалпы үч турак үй куруп, ээлерине тапшырды. Учурда Кызыл-Туу айыл аймагында да бир үйдүн курулушу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий