• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта дээрлик эки сутка аралчада калган жаран куткарылды

Аймак 0


Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Сузакта Кара-Дарыя дарыясынын ортосундагы аралчада эки сутка калып кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалымат боюнча, Кемпир-Абад суу сактагычынан 280 м3 суу агып чыгып, Арал айылынан агып өткөн Кара-Дарыя дарыясынын Кундузчу участогунун деңгээли көтөрүлүп, дарыянын ортосунда аралчада күрүч эгип жүргөн эркек киши калып кеткен.

Окуя 11-майда орун алып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 12-май күнү билдирилген.

Куткаруу иштерине жалпы 11 куткаруучу тартылып, алар кайык менен аралга сүзүп барып, 1962-жылы туулган А.Н. аттуу эркек кишини жээкке алып келишкен.

Куткарылган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген. Абалы жакшы.

Жеринде куткаруу ишин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөгөн.

Пикир

Оставить комментарий