• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башыда мектептердин өрт коопсуздугу текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Нарын облусундагы Ат-Башы районунда мектептердин өрт коопсуздугу текшерилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМ кызматкерлери жаңы окуу жылына карата район аймагындагы мектептерде өрт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык иштерди жүргүзүштү.

Белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн жана мугалимдердин өмүрүн, имараттын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өрт өчүрүүчү шаймандар, эвакуциялык пландар, гидранттар, электр приборлор жана башка керектүү жабдыктар текшерилди. Талапка жооп бербеген жагдайларга эскертүү берилип, оңдоп-түзөө тарпшырылды.

Мындан тышкары, мугалимдерге өрт коопсуздук эрежелери тууралуу нускама өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий