• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.06.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын күн тартибинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук тартипти бекемдөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарын аткаруунун алкагында Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардагы аткаруучулук тартиптин жана иш кагаздарын жүгүртүүнүн, жарандар менен иштөөнүн абалы жөнүндө маселе каралып, бул боюнча Ош шаарынын мэриясынын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова баяндама жасады.

Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин так аткаруу жана ченемдик укуктук актыларын каттоого алуу, аларды талапка ылайык аткаруу, көзөмөлдөн четтетүү, так мөөнөттөрүн белгилөө жана алардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүү боюнча ар тараптуу чараларды көрүү зарылчылыгы айтылды.

Ошондой эле, иш кагаздарды даярдоодо жана тариздөөдө типтүү нускаманын талаптарын, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так сактоо, жарандардын кайрылууларына өз убагында жана сапаттуу жооп берүү, көйгөйлүү маселелерди тез арада чечүү үчүн жеринде калк менен жолугушууларды уюштуруу милдеттери боюнча маселелерге өзгөчө басым жасалды.

Соңунда аталган маселе боюнча токтом кабыл алынып, анын негизинде тиешелүү кызматтарга жана бөлүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий