• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта кармалган УКТ мүчөсүнүн баш коргоо чарасы бүгүн каралат

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.20. /кабар/. Сузакта кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Бул тууралуу Жалал-Абал облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-октябрь күнү милиция тарабынан Сузак районунун тургундары, мурда КРнын КЖКнин 97-беренеси ("адам өлтүрүү", эски редакция) менен соттолгон, Ички иштер министрлигинже уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган эки жаран кармалган (1977-жылкыА.С. жана 1997-жылкы Ү.Т.).

"Алар Сузак районунун айылдарынын биринде орун алган ызы-чуу учурунда милиция кызматкерлерине күч колдонууга аракет кылышкан. Окуя болгон жерде болгон Ү.Т.нын жанынан калибри 9 мм травматикалык ок атуучу куралы 1 даана магазини жана 13 даана огу менен далил буюм катарында алынып, экспертиза дайындалган.

Аларга КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинде ("Ээнбаштык") көрсөтүлгөн кылмышка шектүүлүгү боюнча кабарлама берилип, 2020-жылдын 2-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан каралат.

Пикир

Оставить комментарий