• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузактагы коронавирус аныкталган адамдардын абалы канааттандырарлык

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Сузак районундагы коронавирус аныкталган адамдардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абад шаарындагы маалымат жыйында Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси Сабыржан Абдыкеримов билдирди.

“Коронавируска шектелип ооруканага жаткырылган адамдардын абалы канааттандырарлык. Аларды дарылаганга бизде дары-дармектер жетиштүү. Аларга вируска каршы, дене табын түшүрүүчү дары-дармектер берилүүдө. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык чаралар көрүлүүдө”,- деди ал.

Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдиргендей, азырынча Сузак районунда гана өзгөчө кырдаал киргизилди. Ал эми Жалал-Абад облусунун башка аймактарында, Жалал-Абад шаарында чектөөлөр киргизилген жок. Жалал-Абад шаарындагы базарлар, дүкөндөр кадимкисиндей иштеп жатат.

Белгилей кетсек, мурдараак Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирус илдетине чалдыккан үч адам аныкталгандыгы белгилүү болгон. Алардын бардыгы Сауд Арабиясына умрага барып келгендер.

Пикир

Оставить комментарий