• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Свердлов акимиаты муктаждарга жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Свердлов райондук балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү “Балдарды коргоо борбору”, «Элим барсынбы?», “Тынчтык архитектурасы” жана “Балдар кыштагы” коомдук фонддору менен биргеликте райондун аймагында жашаган 4 үй-бүлөгө барып кайтышты. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Комиссия мүчөлөрү оор жашоо шарттарындагы үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткиришти. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 9 жашар кызга атайын коляска, канцелярдык жана жеке гигиена товарлары, ошондой эле азык-түлүк берилди. Бул кыз эч жерде катталбагандыгы жана буга байланыштуу эч кандай жөлөк пул албастыгы белгилүү болду. Ушундан улам балдар иштери боюнча комиссия жакын арада ага жөлөк пул берүү маселесин чечет.

Белгилей кетсек, Свердлов районунун балдар иштери боюнча комиссиясы муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык, психологиялык, материалдык, консультативдик, юридикалык жана медициналык жардамдарды дайыма көрсөтүп келет.

Мындан тышкары, комиссия мындай үй-бүлөлөргө жардам берүүгө демөөрчүлөрдү тартууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий