• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин саткан адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин экологиялык коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин саткан адамды кармашты.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ Чүй облусунун Аламедин районунудагы Бишкек-Торугарт унаа жолунда жайгашкан “Дордой” конушунда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында жаныбарлардын терисин саткан Э.А. аттуу жаран кармалган.

Атап айтканда андан карышкырдын – 8, түлкүнүн – 3 териси, аюнун экспонаты, түлкүнүн 3 экспонаты жана кийиктин башынан жасалган 1 медальон алынган. Бул жаныбарлардын бары кызыл китепке киргизилген. Белгилей кетүүчү жагдай, кармалган жаранда эч кандай уруксат документи болгон эмес.

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери зарыл болгон актыларды түзүшкөн. Аталган иш боюнча бардык материалдар укуктук баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий