• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Светчи, эсепчи, актер жана костюмер КР маданиятынын мыктыларынын катарын толукташты

Маданият 0

Бишкек, 28.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн аймактык театрлардын жумушчулары Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери тош белгиси жана ардак грамоталары менен сыйланышты. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Искусство жана атамекендик маданияттын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн светчи, эсепчи, актер жана костюм цехинин кызматкерлери Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек театрларынын кызматкерлери сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу салтанатында министр Султан Жумагулов өлкө жетекчилери маданият кызматкерлери үчүн татыктуу шарттарды түзүүлөрү керектигин белгилеп, төмөнкү маянага карабастан өз ишине берилгендик менен иштеп жаткан маданият кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий