• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланууда

Маданият 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Салттуу музыка жумалыгынын алкагында ОшМУда “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө. Конференция онлайн форматында да жүрүүдө.

Конференциянын алкагында маданият тармагына кошкон салымы жана билим берүүдөгү үзүрлүү эмгектери үчүн катышып жаткан маданият өкүлдөрүнө ОшМУга эмгек сиңирген ишмер төш белгиси, Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ошондой эле салттуу музыканы өнүктүрүүгө кошкон жигердүү салымы үчүн Ош мамлекеттик университетинин бир катар окутуучуларына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, Ардак грамоталары” ыйгарылды. Маданият министрлигине тиешелүү сыйлыктарды сыйлык ээлерине министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тапшырды.

Салттуу музыка жумалыгы бүгүн, 24-апрелде саат 18:00дө Султан Ибраев атындагы Ош улуттук драма театрында “Кылым кайрыктары” аталышындагы искусство ишмерлеринин концерти менен уланат.

Пикир

Оставить комментарий