• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы жаңы долбоорлорду каржылоого даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравия падышачылыгынын Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар муктаж болгон жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган турак жай программасын жана социалдык миссияны ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле, алдыда кол коюла турган документтерди практикалык ишке ашырууну талкуулашты.

“Сауд өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы эң маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Албетте бул чечимдердин кабыл алынышында Сиздин салымыңыз жана колдооңуз чоң”, - деди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад КР министрлер кабинети менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташууну жогору баалады.

“Кыргызстан менен Фонд 12 жыл тыгыз иш алып барып, жемиштүү жетишкендиктерди жасай алдык. Акыркы 2 жылда кызматташуубуз жогорку деңгээлге жетти. Сауд өнүктүрүү фонду жаңы долбоорлорду каржылоого даяр”, - деди Султан Аль-Маршад.

Жолугушууда тараптар ошондой эле, ишке ашуу стадиясында турган маанилүү долбоорлорду талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий