• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа көпүрөдөн түшүп кетти

Кырсык 0


Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бишкектин Чыгыш автобекети аймагында дем алышта Range Rover жана Toyota Prius унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочулар бир багытка бара жатып, аталган тилкеде жолдун тардыгынан улам сүзүшүп кетишкен.

Жыйынтыгында Toyota Prius көпүрөдөн түшүп кеткен, унаанын ичинде айдоочусу гана болгон, ал ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий