• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү эртең «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү эртең, 22-апрелде Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу анын күйөө баласы Мирзат Муканов Facebook баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Элмирбек Иманалиев кечээ оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды.

«Атам эртең саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Ала-Арчага коюлат. Бирок, бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз», - деп Муканов соцтармакка билдирүү калтырган.

Ак таңдай акын болгону 42 жашта эле, алдын ала маалыматтарга караганда, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумдун артында үч уул, үч кызы калды. Эки небереси бар.

Эл артисти Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий