• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Түндүк электр” шайлоо тилкелерин электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоону күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында “Түндүк электр” ААК 753 шайлоо тилкесин, анын ичинде Чүй облусунда – 408, Талас облусунда – 117, Бишкек шаарында – 228 шайлоо тилкесин үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоону күчөтөт, деп билдирет компаниянын басма сөз кызматы.

10-11-апрель аралыгындагы өзгөчө кырдаалдардын өнүгүшүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу менен байланышкан иштерди кошпогондо бардык пландалган оңдоо жана өчүрүү иштери токтотулду.

Ошондой эле, компания жооптуу адамдардын нөөмөттөрүнүн графигин бекитти, авариялык топтордун өзгөчө кырдаалдарда жана чукул кырдаалдарда иштөөгө даярдыгын, резервдик электр менен жабдуулардын жана атайын шаймандардын даярдыгын, материалдардын, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдардын авариялык корунун болушун камсыздады.

Эскерте кетсек, электр жабдыктарында кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса төмөндөгү күнү-түнү иштеген номерлерге кайрылса болот: 1209; 0772 001209; 0702 001209; 0556 001209

Пикир

Оставить комментарий