• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу бардык келишимдер жанданат

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. “Коронавирустук пандемияга байланыштуу, убактылуу токтоп турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кол коюлган келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу жанданат. Өзгөчө Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин 2019-жылы Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулар боюнча ишти кайра баштоону сунуштайм”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон жолугушууда.

“Кыргызстан – Кытай” бизнес-форумунун алкагында 24 меморандум жана келишимге кол коюлган.

Тышкы экономикалык байланыштар жаатында Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Статистика боюнча, 2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 млрд 678 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт – 52 млн доллар, импорт – 3 млрд 626 млн доллар.

Ошондой эле, гранттык долбоорлордун негизинде “Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк бере турган Отводной Чүй каналы-2 (ОЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруудагы жардам үчүн ыраазыбыз. Курулуш мезгилинин башталышы менен 2023-жылдын жазында куруу иштерин баштоону суранабыз”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, ири транспорттук долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул багытта тараптар 2023-жылдын июнь айына чейин толук талаа изилдөө жана техникалык-экономикалык негиздемелерин бүтүрүүсү керек.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “Кытайлык керектөөчүлөрдүн Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияга болгон суроо-талабын эске алуу менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайдын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Буга байланыштуу Кытай тараптан Кыргызстандын экспортчуларына жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр”, - деди ал.

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин – 219 млн 701 миң долларды түзгөн.

“Ошондой эле, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы мындан ары жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий