• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына карата уюштурулган Улуттук Мажлистин жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кечээ, 21-сентябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына карата уюштурулган Улуттук Мажлистин салтанаттуу жыйынына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынды Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажлисинин Төрагасы Октай Асадов ачып, андан соң Мамлекет башчысы Ильхам Алиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Алар азыркы өлкөнүн алгачкы пайдубалы 100 жыл мурун түптөлгөнүн билдиришип, Азербайжан эли чыгыштагы мусулман мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп, аялдарга добуш берүү укугун берген күчтүү парламент аркылуу демократиялык республиканы курушканын баса белгилешти. Аны менен катар Азербайжан мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында жана өнүгүшүндө улуттук лидер Гейдар Алиевдин ролу өзгөчө экенин кошумчалашты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков да салтанатта сөз сүйлөп, маарекеге байланыштуу кесиптештерин куттуктады. Бул окуя Азербайжан калкына эле эмес, жалпы аймак үчүн да тарыхый мааниге ээ экенин айткан Төрага, күчтүү, көз карандысыз мамлекетти курууда биримдик менен эркиндикке карай умтулган элдин аракети арбын болгонуна токтолду.

Мындан сырткары, өлкөдө жүргүзүлгөн реформалардын бардыгына Азербайжан парламенти жигердүү катышканын белгилеген Дастанбек Жумабеков: "Улуттук Мажлис укуктук-демократиялык мамлекетти калыптандырууда чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын тыкыр үйрөнүү менен дайыма өнүгүп турду". - деди.

Улуттук Мажлистин эл аралык ишмердүүлүгүнө да токтолгон Жогорку Кеңеш Төрагасы, ТүркПАнын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирип, кесиптештерин аталган Парламенттик ассамблеянын 10 жылдыгы менен да куттуктады.

Ошондой эле Төрага Кыргызстан менен Азербайжан калкын түбү бир түрк элдеринин тамыры, маданий жана диний окшоштук гана бириктирбестен, тарыхый достук алака, көз карандысыз, эркин мамлекетти негиздөөдөгү басып өткөн оор жол да байланыштырып турарын баса белгиледи. "Кыргыз эли өзүнүн байыркы тарыхы менен азербайжан калкы сыяктуу оор учурларды башынан өткөргөнүнө карабай, өз мамлекеттүүлүгүн сактай алды", - деп билдирди Дастанбек Жумабеков.

Кыргызстандыктар талыкпастан аракеттенүү менен аталардын мурасын аздектөө аркылуу, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасынан пайдаланып Борбор Азиядагы эң алгачкы күчтүү парламенттик демократияны негиздей алганын айткан Төрага Дастанбек Жумабеков, укук үстөмдүгү, жалпы теңчилик жана социалдык акыйкаттуулук принцибине таянган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши да быйыл 80 жылдыгын белгилей турганын маалымдады. Муну менен катар жыйын катышуучуларына кыргыз парламенти бүгүнкү күндө маанилүү тарыхый чечимдерди кабыл алган, коомдук туруктуулукка салым кошкон башкы саясий ачык-айкындуулуктун жана бирдиктүү диалогдун борборуна айланганын билдирди.

Сөзүнүн соңунда Төрага чейрек кылымдан берки калыптанган эки тараптуу кызматташтык боордош кыргыз-азери мамилесинин өнүгүшүнө жана бекемделишине өбөлгө болоруна терең ишенерин кошумчалады. Дагы бир жолу маареке менен куттуктаган Дастанбек Жумабеков Улуттук Мажлистин жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, Азербайжан калкына тынчтыкта, гүлдөп-өнүгүүнү тиледи.

Белгилей кетсек, аталган салтанатка кырктан ашуун парламенттик делегациялар катышты. Алардын он үчүн парламент төрагалары жетектесе, он бешин төрага орун басарлары, ал эми алтоону парламент өкүлдөрү баштап келген.

Пикир

Оставить комментарий