• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркияда депутат Нурланбек Кадыкеев каза болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Түркияда узакка созулган оорудан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызстан” партиясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, Нурланбек Кадыкеев Стамбулда каза болгон.

“Ал мага кан диабети тууралуу айткан болчу. Ага жакында эле Стамбулда операция жасашкан, ал жакка кайрадан текшерүүдөн өтүү үчүн учуп барган болчу”,-деп билдирди Баатырбеков.

Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 1970-жылы 21-январда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий