• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Курман айт – ыйык Меккедеги ажылык зыяраттын аяктагандыгына туура келген мусулмандардын негизги майрамдарынын бири жана адамзатты мээримдүүлүк менен айкөлдүккө үндөгөн улуу күн. Бул күнү ар бир үйдө жайылган майрамдык дасторконго туугандар жана жакын санаалаш достор чогулушуп, жакшы тилектерди Жараткандан тилешет. Ошондой эле Курман айтта кайрымдуулук иш-чаралары арбын өткөрүлүп, муктаждарга жардам көрсөтүлөт.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ушул ыйык майрамда айтылган ар бир тилек кабыл болуп, бардык үйгө ынтымак жана кубаныч орносун. Адамдык аруу сапаттардын калыптанышына өбөлгө болуп, өлкөбүз биримдикте өнүксүн. Баарыңыздарга бекем ден-соолук, узак өмүр жана ырыс-кут тилейм!

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий