• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

“Урматтуу мекендештер!

Баарыӊыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мусулмандардын ыйык, жаркын майрамдарынын бири – Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Курман айт – мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун жана айкɵлдүктүн символу. Бул күн ар бирибизди кайрымдуу болууга, курмандык чалып, жетим-жесирлерге жардам берип, соопчулук иштерди жасоого багыттайт. Ислам дини бир нече кылымдар бою адамдарды адеп-ахлактык жактан жогорку идеалдарга, гумандуулукка жана жаратмандыкка тарбиялап келет.

Кыргызстандын 4 миллиондон ашык мусулмандары ыйык курандын принциптерин тутунуу менен катар ɵз ɵлкɵсүнүн татыктуу жана эркин жарандары катары кɵп кырдуу заманбап Кыргызстандын гүлдɵп ɵнүгүшүнɵ ниет кылып, коомдук жашоосуна активдүү катышып келет.

Урматтуу мусулман мекендештер!

Ыйык Курман айт майрамында алакан жайып бата кылган ар бирибиздин аруу тилектерибиз кабыл болсун. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, бакты-таалай, узун ɵмүр, бакубат жашоо каалайм.

Элибизде биримдик жана тынчтык болсун, ар бирибиздин жүрɵгүбүздɵ кечиримдүүлүк жана ыймандуулук болсун.

Айт маарек болсун!”- деп айтылат куттуктоодо.

Кыргыз Республикасынын

Пикир

Оставить комментарий