• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 25-февраль /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Евразия экономикалык биримдигиндеги Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын Премьер- министри Карен Карепетян катышат.

Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелер талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий