• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура Ө.Текебаевге карата кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 0

Бишкек, 25-февраль /Кабар/. Кыргыз республикасынын башкы прокуратрасы 2017-жылы 25-февралда КРнын жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевге карата КРнын Кылмыш кодексинин 303-беренесинде (коррупция) жана 166-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жарыяланды.

Кылмыш иши КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен келген материалдарды кароонун жыйынтыгында козголду.

КР УКМКга Россия Федерациясынын бир катар телекоммуникация компанияларынын ээси Л.Маевский Ө.Текебаевди жоопкерчиликке тартуу тууралуу жазуу түрүндө каты менен кайрылган.

Өзүнүн арызында ал 2010-жылы Текебаев КРнын убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын орун басары болуп турганда андан “Альфа Телеком” ЖАК башкармалыгына киргизүүнү абада кылып, 1 млн АКШ долларын алганын айткан. Кийин акция сатылгандан соң ал 10дон 15%га чейин кирешеге ээ болмок. Бирок, Текебаев өзүнүн милдетин аткарган эмес, ал эми алган акчасын кайтарып бербестен, эгер кандайдыр бир талаптарды койсо, же аталган факты тууралуу маалымат каражаттарына жарыялай турган болсо, өмүрүнө коркунуч болорун айтып, коркуткан.

Ошентип, Л.Маевский ЖКнын экс-депутаты, “Ата Мекен” саясий партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановдун мурда бир нече жолу айткандарын, андан тышкары “Пенвел” компаниясынын өкүлү Раушан Рыкунованын Ө.Текебаев жана анын айланасында жүргөндөрдүн “Альфа Телеком” ЖАКтын акцияларына байланыштуу бир катар мыйзамсыз аракеттерин, анын эсебинен байыганын ырастады.

Мындан тышкары, Ө.Текебаев мамлекеттик бийлик органдарындагы жооптуу кызматтарда иштеп атканда элдин ишенимине жана урмат-сыйына ээ болуу максатында укукка жатпаган аракеттер менен алектенген жана айрым жарандын ишенимине кирип, алдоо жолу менен анын ири суммадагы акча каражатын ээлеп алган.

Кылмыш ишин иликтөө УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылып, иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий