• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Россияда Кыргызстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Россияда Кыргызстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу россиянын ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, “Брянск-Орловский” темир жол өткөрүү пунктунда чет өлкөлүк поезде отуруп жаткан жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүү учурунда чек арачылар жасалма паспортту табышкан.

Паспорттун ээси Кыргызстандын жараны болуп чыккан. Анын айтымында, ал паспортун жоготуп алып чек арадан өтүү үчүн жасалма документ жасоону чечкен. Бул бузуу үчүн мекендешибиз 2 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий