• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Жумабеков кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.01.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин тТөрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан Жаӊы жылыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам адам өмүрүнүн дагы бир барагын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган күн. Айрыкча ушул күнү ар бир адам өткөн жылдагы жасаган иштерине саресеп салып, жаӊы жылга жакшы тилектер менен аттайт. Андыктан, бул күндүн жалпы адамзат үчүн мааниси өтө жогору.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Быйылкы жылыбыз да өлкөбүз үчүн жемиштүү жылдардан болду. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” катары жарыяланып, калк турмушун жакшыртуу менен жаңы технологияларды жайылтуу багытында алгылыктуу иштер жасалууда.

Өлкөдө туруктуулук сакталып, мамлекетибиз коомдук-саясий жаңылануунун дагы бир баскычына көтөрүлдү. Ушул жылы Жогорку Кеӊеш парламенттик-демократиялык чакырыктын алдында калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн мыйзам долбоорлорун кабыл алып, ар кандай эл аралык макулдашууларды ратификациялап берди. Эми аны андан ары улантуу милдети турат. Ал үчүн жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болуп, ырааттуу иш алып баруу зарыл.

Жаңы жылдын босогосунда туруп, жалпы кыргызстандыктарга ынтымак жана биримдик каалайм. Себеби, ааламдашуу доорунда өнүккөн мамлекеттердин улуу көчүнө кошулуу үчүн Кыргызстанга ынтымак жана туруктуулук керек. Биздин алдыга койгон мүдөөбүз да, заман талабы да ушундай.

Сиздерге чың ден-соолук, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалайм. Өлкөбүз өнүгүп, 2020-жыл Кыргызстан үчүн жаӊылануунун жана ырыс-куттун жылы болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий