• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков Латвияга расмий иш сапар менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин төрайымы Инара Мурниеце, президенти Эгилс Левитс жана тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Андан соң Жогорку Кеңештин делегациясынын расмий иш сапары Литва Республикасында уланат. Ал жактан Жумабеков Литва Сейминин төрагасы Викторас Пранцкетис жана тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.

Пикир

Оставить комментарий