• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сөз куржуну: чырымтал, жойпу, түксүй, чытыра сөздөрүнүн маанисин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Кыргыз тили тээ алмуздактан бери эненин сүтү менен, атанын эрдиги менен кылым карытып жашап келген. Кээде согуштун катаалына кабылса, кээде жыргалчылыктын даамын татып жашаган. Кандай гана доорду, элди жана журтту көргөн жок. Антсе да, азыркы күнгө чейин өзүнүн дымагын өчүрбөй сакталып келүүдө.

“Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл оозунда айтылып, бирок маани-маңызын ачыктай албаган ошондой эле, кээ бир китептерде учурап калган сөздөрдү түшүндүрмөсү менен жазууну чечти.

  • Буулум – баалуу, калың кездеменин бир түрү же ошол кездемеден тигилген кийим. Буурулду берчи минейин, буулумду берчи киейин (“Манас” эпосу). Буулумду кийип кирдеткен, буурулду минип тердеткен (Токтогул Сатылганов).
  • Демик – 1. Күйүккөндө, чарчаганда энтеңдеп оор дем алуу, энтигүү. Керек Майрык молдонун тамынын эшигине барганда демигип токтоп калды (Шүкүрбек Бейшеналиев). 2. Алга умтулуу, ашыгуу. Алдыңкыга жетсем деп, арткы киши демигет (Осмонкул Бөлөбалаев). Оокаттын камын ойлобой, оюн десе демигип (Осмонкул Бөлөбалаев).
  • Жөөлү – 1. Катуу ооруганда, ар кандай себептер менен айкын сезимин жоготкондо, эстен танганда байланышсыз сүйлөө же акыл-эстүү адамдын акылына туура келбегендей сөз сүйлөө. Бир энтигип, бир жөөлүп, бир үзүлүп, калган жок оору аялдын алы дагы (Аалы Токомбаев). Ачкалыктан жөөлүп жатпасын, ойготчу, бирдеме ичирели (Касымалы Жантөшев). 2. Орунсуз, дайыны жок сүйлөө, тантыроо, дөөрүү, тантуу. Иса молдо! Эмне деп жөөлүйсүң? (Саткын Сасыкбаев). О, кой, балалыгың менен жөөлүбө (Касымалы Жантөшев).
  • Заңгыра – 1. Жаңырыкта, заңк эткен катуу дабыш чыгуу. Атылат тынбай замбирек, жер жаңырат заңгырап (Темиркул Үмөталиев). Түтүндүү эски бараң заңгырады (Аалы Токомбаев). Биз дүркүрөп иштейбиз, үн салсак талаа заңгырап (Кубанычбек Маликов). 2. Бийик, чоң, кенен болуп көрүнүү, заңкайган көрүнүштө болуу. Залдарынын көбүн айт, бардыгы тең, заңгырайт (Темиркул Үмөталиев). Заңгырап түн ичинде бийик аска, түнөрүп түн койнунда түрү башка (Шүкүрбеков).
  • Жойпу – асты-үстүнө түшүп көшөкөрлөнгөн куу, жагынып-жасакерленген митайым, жайгара, жоошута, көңүл ала сүйлөгөн кошоматчы. Түркүн жойпу баарына түшүнөт (Шүкүрбек Бейшеналиев). Алымбек дагы бир далай жойпу сөздөрдү айтты (Касымалы Жантөшев).
  • Куунак – кайгы-капасыз, санаасы жок, жайдары, көңүлү ачык. Батийнанын көңүлү куунак (Түгөлбай Сыдыкбеков). Байкаңыз өмүр жолу муунак-муунак, бирде суз, бирде толкун, бирде куунак (Аалы Токомбаев).
  • Магдыр – 1. Күч, дарамет, маңыз. Сырты көркөм, ичинде магдыры жок, адамда, буюмда, да боло берет. 2. Жарашыктуу, келишимдүү, ыңгайлуу. Магдыр тон.
  • Түксүй – 1. Беттен тик чыгып же үрпөйүңкү көрүнүштө болуп көрүнүү, чачы иретсиз үрпөйгөн кебетеде болуу. Каалгадан түксүйгөн бетин чыгарып, Сабхаттын баласы көрүндү (Саткын Сасыкбаев). 2. Ачуусу келүү, каарданган кебетеде болуу, кабагын бүркөө. Сабырга Омор түксүйө карады (Түгөлбай Сыдыкбеков).
  • Чытыра – 1. Чытыр-чытыр эткен дабыш чыгаруу, ашкере чыңалып кетүүдөн чытыр-чытыр этүү. 2. Кычыроо, кычырап өтө катуу болуу (көбүнчө суукка карата). Кышкы түндүн чытыраган суугуна карабастан денебизден тер кетип, беттерибиз ысып чыкты (“САЖИ”). 3. Абдан чыңалуу, толуу, чытырап жарылчудай абалга жетүү. Уйлардын желиндери чытырап, казандай болуп теңселе басып келишет (Шүкүрбек Бейшеналиев). 4. Менменсинип, көбүңкү абалда болуу.
  • Шылкый – 1. Башын кыйшайтуу, башын төмөн салуу. 2. Маанайы басаңдоо, көңүлү чөгүү, жүдөңкү тартуу. Куюшканды салдырба, шылкыйып сырың алдырба (Шүкүрбеков). Каныбек кылмыштуу адамдай шылкыйып турду (Касымалы Жантөшев). 3. Дарманы кетүү, алсыроо, кубаты бошоо. Курсагы ачып жолдо шылкыйып отурган бечараларга бирдеме бере кетүү көпкөндөрдүн оюна да келбеди (“Ала-Тоо” журналы).
  • Чырымтал – 1. Жаңы төрөлгөн жаш баланын денесиндеги же канаттуулардын балапандарынын денесиндеги сары түк. Чырымтал жүнү чылк алтын, текөөрү болот темирден (“Семетей” эпосу). 2. Жаш, өсүп жетиле элек кез. Чырымтал эсен бой жетсе, чыгарат го өнөрдү (“Эл адабияты”). Ал кезде мен чырымтал , сен кырчын (Жоомарт Бөкөнбаев).
  • Удургу – 1. Бир жакты көздөй жапырт сүрдүрүү, улам бир жакты көздөй чогуу бойдон агыла каптоо, өйдө-төмөн, уйгу-туйгу болуу. Буюккан малдар удургуп, жөөлөшө качып кулашты (Аалы Токомбаев). Урунаарга тоо таппаган тентектей, удургуган көңүлдү жай мага (Акбар Токтакунов). 2. Жапайы уйдун аты.

Маалыматтар филология илимдеринин доктору, профессор А.Акматалиев тарабынан түзүлгөн “Кыргыз тилинин сөздүгү” китебинен алынды.

Пикир

Оставить комментарий