• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түрк дүйнөсүнүн куруучулары Ошто бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Аймак 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер уюмунун башкы катчысы Ильяс Демиржи баштаган жумушчу топ менен жолугушту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында өз ара кызматташтыкты алып баруу талкууланды.

Марс Исаев боордош эки өлкөнүн тарыхый негиздери бир экенин белгилеп, шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жолунда эки тараптуу байланыштардын өнүгүүсү маанилүү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында коноктор архитектура жана шаар куруу тармагындагы жетишкендиктери тууралуу айтып берип, тематикалык парктардын жана калктын ар кандай курактагы топтору үчүн эс алуу аймактарынын долбоорлорун сунушташты.

Соңунда тараптар келечектүү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий