• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Венера Наспекова дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 20-июлунда 66 жаш курагында катуу оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Наспекова Венера Асаналиевна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Венера Асаналиевна өз кесибине, кайрымдуулукка жана акылмандыкка чексиз берилгендиктин үлгүсү болгон. Ал бүт өмүрүн билим берүү тармагында иштөөгө арнаган жана коомдун татыктуу мүчөсү болгон жүздөгөн студенттердин өнүгүшүнө жана тарбияланышына олуттуу салым кошкон.

Ал үч баланын бактылуу энеси жана руханий жана этикалык сапаттары жогору адам болгон. АРИСтин учурдагы аткаруучу директору Марс Наспеков анын кичүү уулу.

Таланттуу тарбиячынын жана жүрөгү чоң эненин элеси аны сүйгөн жүрөктөрдө түбөлүккө сакталат.

Коштошуу зыйнаты Москва районунун Мураке айылында 2023-жылдын 21-июлунда саат 12.00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий