• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй проспектисине 1500 түп туя отургузулду

Коом 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Бишкектин Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган бөлүктө учурда жашылчарбанын жумушчулары тарабынан бетон тосмо орнотулуп, сугат суу менен камсыз кылуу үчүн борбордук магистралдык түтүк тартылып, топурак тегизделип, тиричилик таштандыларынан жана таштардан тазаланды.

Ошондой эле Чүй проспектисин бойлой 1500 түп ийне жалбырактуу туя отургузулду.

Мэриядан белгилешкендей, жалбырактуу дарактардын тосмосу жарандардын жолду туура эмес кесип өтүшүнө жол бербейт.

Пикир

Оставить комментарий