• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдѳ

Коом 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Түркия мамлекети Кыргызстандын туризм тармагынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Туризм тармагында кесиптик квалификацияны жогорулатуу" деп аталган долбоорго Кыргызстандан 12 адам катышып, ийгиликтүү аякташкан.

Долбоор үстүбүздѳгү жылдын 22-январынан 6-февралына чейин Түркиянын Анталья шаарында ѳткѳн. Эртең Кыргыз-түрк "Манас" университетинде аларга сертификаттар тапшырылмакчы.

Ошондой эле "Тамак-аш тейлѳѳ" бѳлүмүнүн алкагында 12 угуучу эл аралык квалификация сертификатына ээ болушкан.

Долбоордун максаты Кыргызстандын туризм чѳйрѳсү менен мейманкана индустриясынын өнүгүшүнө салым кошуу жана туризм тармагында иштегендердин кесиптик билимин жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий