• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркия Ошко жаңы заманбап аэропорт курууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Түркия мамлекети Ош облусунун аймагына жаңы заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыкдар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жаңы аэропорттун курулушу пландалып жаткан жер менен таанышты. Бул үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынан 10 гектар жер бөлүндү.

Мындан мурда, Кытайлык жеке компания Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыкдар болуп жаткан, бирок аэропорттун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен эмес. Азыркы учурда Түрк республикасы Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыктар, бул багытта иштер жүруп жатат.

Пикир

Оставить комментарий