• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов Беларусь өкмөт башчысы Роман Головченко менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу алкагында өкмөт башчылар ар кыл тармактагы кыргыз-белорус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эл кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар жакынкы арада Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана Ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий