• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркия президенти окуусун ийгиликтүү аяктаган кыргызстандык лейтенантка диплом тапшырды

Коом 0


Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификат тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Түркия Ички иштер министрлигинин Анкара шаарындагы Полиция академиясынын базасындагы Полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратура программасында билим алып жаткан.

"Адилет Акинали уулу 2021-2022-окуу жылында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алуу менен бирге “Жетекчилчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо” курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн 2022-жылдын 1-ноябрында президенттик резиденцияда бүтүрүү аземинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын колунан окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификат алды. Аталган иш-чарага Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу да катышты. Ошону менен катар Акинали уулу Түркиянын Полиция академиясынын башчысы профессор, доктор Чолак Йылмаздын колунан сыйланды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБде балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген.

Кесиптешибиздин Кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана аброюн жогорку деңгээлге көтөрүп, мекенибизге кызмат кылуу менен генерал наамына жетем деген аруу тилеги бар.

Пикир

Оставить комментарий