• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча эки киши камакка алынды

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Түркияда кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча эки киши камакка алынды. Бул тууралуу haberler жазат.

Эскертке кетсек, 7-июль күнү эртең менен Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы кыргызстандык жаран бир киши менен сөз талашып, ортодогу чырдан улам ага ок атылган.

Күбөлөр тез жардам чакырышкан. Бирок тез жардам келгенче жабыр тарткан кыргызстандык жаран жан берген.

Тартип сакчылары окуя болгон жердеги камералардан карап, шектүү катары А. Й. аттуу кишини аныктап, аны кармашкан. Шектүүнүн тапанчасы жолдун жээгинде табылган.

Андан тышкары, окуяга байланыштуу 3 шектүү – С.А, А.Ж. жана П.Ж аттуу жарандар кармалган. Андан кийин 4 шектүү сотко жеткирилип, алардын баш коргоо чарасы каралган.

Кармалгандардын арасынан А.Й. "киши өлтүрүүгө", С.К. "тоноого" шектүү катары камакка алынган. Ал эми, А.Ж. жана П.Ж көзөмөлгө алынуу шарты менен кое берилишкен.

Пикир

Оставить комментарий