• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

10-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Эртең, 10-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градуска чейин жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градус ысык болот.

Эртең Бишкек күн ачык болуп, жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 33…35 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий