• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 26.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Конья шаарында жашап жана окуган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басм асөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Коньяга болгон акыркы жумушчу сапарынын жыйынтыгын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Конья шаарында жашоосу жана кыргыз диаспорасынын бирикмесин ал шаарда расмий каттоодон өткөрүп ачуу боюнча Конья бийлиги менен макулдашылган маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий