• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы элчилик: Кыргызстандыктар үчүн дагы үч чартердик каттам уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын июль айында "Стамбул-Бишкек" багыты боюнча “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын төрт чартердик каттамын уюштуруу пландалган. Анын ичинен биринчи рейс 8-июлда ишке ашырылган. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчиликтин маалыматына ылайык, экинчи чартердик каттам 15-июль саат 03:10до Стамбул эл аралык аэропортунан аткарылат. Ал эми 22-29-июль күндөрү уюштурула турган чартердик каттамдар тууралуу кошумча маалымат элчилик тарабынан жарыяланат.

"15-июлдагы каттам менен 2020-жылдын 10-июлуна чейин Анкара шаарындагы элчиликке жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка электрондук дарек аркылуу кайрылган жарандар уча алат, ал хронологиялык тартипке ылайык ишке ашырылат. Пландалган рейстер менен Кыргыз Республикасынын жарандарын, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тизмеси боюнча башка өлкөлөрдөн транзит менен өткөн жарандарды дагы кайтаруу көздөлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кайрылуу жасаган жарандардын тизмеси элчиликтин жана Башкы консулдуктун сайтына жайгаштырылган. Алардын ичинде башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандардын дагы тизмеси бар.

Элчиликтин жана Башкы консулдуктун тизмелеринде болгон жана “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын 2020-жылдын 15-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери 2020-жылдын 15-июлундагы чартердик авиарейске жарактуу.

Аталган чартердик каттамга билеттер аэропортто 14-июль күнү саат 18:00дөн тартып элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык сатылат. Жогоруда айтылган тизмелерге, анын ичинде КР ТИМдин тизмесине ылайык, авиабилеттерди 2020-жылдын 14-июлунда “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын өкүлчүлүктөрүнөн түз сатып алууга дагы болот.

Авиабилеттин баасы - 256 АКШ долларын түзөт (доллар, евро же түрк лирасындагы накталай акча же кредиттик карта менен төлөсө болот), эки жашка чейинки балдар үчүн - 16 АКШ долларын түзсө, 2-12 жашга чейинки балдар үчүн - 218 АКШ доллары. Уруксат берилген багаж 38 кг., кол багажга уруксат берилбейт жана аны учакка алып кирүүгө болбойт. Эгер багаж 38 кг. ашса, кошумча 1 кг. багаждын акысы 6 еврону түзөт.

"Элчиликке жана Башкы консулдукка кайрылган жарандарга, алар өздөрүнүн кайрылуусунда көрсөткөн номерлер аркылуу учуу жөнүндө тастыктама алуу үчүн жеке телефон чалуулар болот. Ушуга байланыштуу мекендештерибизди элчиликтен жана Башкы консулдуктан телефондук чалууларды күтүүнү суранабыз. Арыздарын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердеги дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө берген жарандар, арыздары берилген элчиликтерге жана Башкы консулдуктарга кете тургандыгы тууралуу өздөрүнүн макулдугун ырастоосу зарыл", - дешти элчиликтин басма сөз кызматынан.

Элчиликтен кошумчалашкандай, 9-июлдан кийин кайрылган жарандар кийинки чартердик каттамга киргизилет, бул боюнча кошумча маалымат жарандарга электрондук дарек аркылуу жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий