• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиялык нейрохирург мээ ооруларын дарылоо боюнча акысыз семинар өткөрөт. Күнү, дареги

Ден соолук 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Түркиялык нейрохирург Гүлшах Өзтүрк мээ ооруларын дарылоо боюнча жергиликтүү дарыгерлерге акысыз семинар өткөрөт. Бул тууралуу Asmer Medical компаниясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, иш-чара 21-декабрь саат 13:30да Бишкектеги Plaza отелинде болот.

“Окутуунун жүрүшүндө жергиликтүү дарыгерлер ар кандай мээ илдеттерин дарылоонун заманбап усулдары боюнча маалымат алышат. Ошондой эле иш-чаранын жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 22-декабрда чет элдик нейрохирург бейтаптарды кабыл алып, консультация берет. Ага паркинсон, эпилепсия (талма) жана ар кандай мээ илдеттеринен жабыр тарткан адамдар кайрылып, маалымат ала алышат.

Дүйнөдө жалпысынан 7 млн адам мээ ооруларынан жабыркап келет.

Пикир

Оставить комментарий